30.11.2021-жыл. ОшМПУнун Жаратман чыгармачыл борборунун 10 жылдык юбилейине карата өткөрүлгөн студенттер арасындагы спорттук мелдеште КӨЭАУнун ИТФнын кыздарынын “ДЕМ кербени” волейбол курама командасы 2-орунду багындырышып, 2-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Волейболдун балдар курама командасынын капитаны Эрбаев Майрамбек “Мыкты чабуулчу” номинациясына татыктуу деп табылып, атайын диплом менен сыйланды.




