23.11.2021-жыл.
Шаардык деңгээлде спорттун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча мелдеш ОшМПУдагы “Жаратман” жаштар чыгармачылык борборунун 10 жылдык юбилейине карата, Ош шаарындагы коомдук бирикмелердин, чыгармачыл уюмдардын жана тренинг борборлордун ортосунда болуп өттү. ИТФнын “ДЕМ кербен” кыздар командасы активдүү катышып 2-орунду багындырышты. Бул да болсо студенттерибиздин мыкты ийгиликтеринин бири, байгеңиздер кут болсун!




